• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Лейлекте да кыргыз жана тажик чек арачыларынын атышуусу башталды

29 Чын куран 2021 19:33 Бишкек Govori.TV

Баткендин Лейлек районунда да кыргыз жана тажик чек арачыларынын атышуусу башталды. Бул тууралуу 29-апрелде саат 18:50дө өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Анын айтымында, атышуу Кулунду жана Максат айылдарында жүрүп жатат.

Бир аз мурдараак Баткен районунун Көк-Таш жана Самаркандек айылдарынын үстүндө Тажикстандын тик учактары байкалды.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген.

29-апрелде да жаңжал уланып, соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан жалпысынан 17 адам жараат алды, бирөө каза болду. Тажикстандын «Ховар» улуттук маалымат агенттиги 29-апрелде чек арадагы чатактан эки тажик жараны жараат алганын билдирди.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 433