Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, окуя мындай болгон. Бүгүн 8-январда Раззаков-Ош автоунаа жолунун 330-чакырымында DAF үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унааны токтотуп коюп, арткы дөңгөлөгүн текшергени барган учурда, дөңгөлөк кокустан жарылып кеткен.
Жүк ташуучу бул унаанын айдоочусу Жалал-Абад шаарынын тургуну 42 жаштагы С. Э. жарылуудан улам оор абалда Лейлек жалпы дарыгерлер борборуна жетпей, жолдо каза болгон.
Бул факт Лейлек РИИБдин тиешелүү электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда текшерүү иштери жүрүүдө.