• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

«Лексус» сүзүп кеткен 33 жаштагы жаран каза болду

22 Теке 202417:56 Бишкек Govori.TV


Кечээ, 21-июлда Жалал-Абад—Казарман унаа жолунун 32-чакырымында жол кырсыгынан 33 жаран ооруканга жетпей каза болгон. Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, Жалал-Абад шаарынын 2007-жылкы тургуну Д.Э.К. «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаасы менен Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жаңгак айылынын 1991-жылкы тургуну жолдун сол капталынан чыккан учурда сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Жол тандабас сүзүп кеткен адамдын аркасында 5 баласы калды.


«

Количество просмотров: 679