• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ленин чокусунда 2 альпинист каза болду

30 Баш оона 20229:23 Бишкек Govori.TV

Ленин чокусунда эки альпинист каза болду. Маалыматты Ош облустук милициясы ырастады.

Билдирүүгө ылайык, кырсык 28-августта болгон. Каза болгондордун бири орусиялык 38 жаштагы альпинист жаран болгон. Ал эми экинчи жаран 41 жаштагы кыргызстандык, Ысык-Көл облусунун тургуну.

Алдын ала маалыматтар боюнча алар сууктан же газдын исине ууланып каза болгону айтылууда. Аталган фактыны Чоң-Алай райондук милициясы каттоого алып, тергөө иштерин баштады.

Альпинисттердин сөөгүн 6100 метр бийиктиктен түшүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 238