• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ленин райондук сотунун төрагасына кылмыш иши козголду

13 Жетинин айы 2018 13:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.11.2018. Govori.TV
Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Касымбековго жана башка кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 328-беренеси («Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу») боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Иш Касымбеков мурда Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунда иштеп жүргөн учурдагы чечимине байланыштуу козголгон.
Маалыматта белгиленгендей, 2015-жылы Жалал-Абад облустук прокуратурасы иликтеп жаткан кылмыш ишинин алкагында Чек айыл аймагынын жетекчисине (С.Х.) Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин («Кызмат абалынан пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу»), 315-беренесинин (“Кызматтык жасалмалоо”) жана Атабек айылдык кеңешинин депутатына (Е.С) 171-беренесинин негизинде айып тагылган.
Тергөөнүн жыйынтыгында депутатка карата кылмыш иши токтотулган. Бирок ага карата кылмыш жоопкерчилиги токтотулганы тууралуу токтом турганына карабай Сузак райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбеков 2015-жылдын 24-апрелинде аны айыптаган өкүм чыгарып койгон.
Кийин бул чечимге каршы Жалал-Абад облустук прокуратурасы кассациялык тартипте даттанган. Жалал-Абад облустук сотунун 2015-жылдын 2-июлундагы чечими менен Сузак райондук сотунун чечими жокко чыгарылып, жергиликтүү кеңештин депутатына карата кылмыш иши токтотулган.
Сотко карата козголгон кылмыш ишин иликтөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Кубанычбек Касымбеков 2015-жылдын 12-июнунда ошо кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Ленин райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Кийин аталган сотто төрагалык кыла баштаган. Касымбеков акыркы убакта мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Саляновага байланыштуу ишти караганы менен белгилүү.
Булак: Азаттык
Количество просмотров: 27