• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ленин районунун акими дайындалды

31 Жалган куран 2023 15:29 Бишкек Govori.TV

Мураталы Тагаев Бишкектин Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы милбек Абдыкадыров кол койгон. «Аким КРнын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР мыйзамынын 17-беренесине, КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Мураталы Тагаев буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматы аркалап келген. Президент 31-мартта кол койгон тескеменин негизинде Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 302