• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ленин районунун салыкчылары ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматтан бошотулду

9 Жалган куран 2020 17:31 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын 3 кызмат адамы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка 9-мартта Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду.

Тактап айтканда, Ленин району салык органынын начальниги, ушу органдын бөлүм начальниги жана башкы инспектору ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Аталган салыкчылар кызычылыкка ээ тарап катары, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана жөнгө салуу боюнча өз убагында тийиштүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн, ошондой эле УКМК тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кармалгандыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулушту.

Количество просмотров: 223