Орусиянын Ленинград облусунда кафеден чыккан өрттөн жабыркаган кыргызстандыктардын биринин абалы оор. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
«Бир кыргызстандык өтө оор абалда ооруканага жаткырылган. Эки жаран Ленинград облустук ооруканасынын күйүк борборунда дарыланууда, ал эми Кыргызстандын дагы эки жаранына биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Кыргызстандын Башкы консулдугу жабыркаган жарандардын жакындары менен тыгыз байланышта жана бул маселени көзөмөлгө алууда», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 16-февралда Ленинград облусунун Усть-Луга айылындагы жеке менчик кафеден өрт чыгып, анын кесепетинен 5 Кыргызстандын жараны ар түрдүү даражадагы күйүк алган.
Бул факты боюнча Орусиянын тергөө органы кылмыш ишин козгоду.