Бишкек. 04.07.2018. Govori.TV
Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу аймактагы май куючу станцияда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, Жаңы-Жер а/а, Жаштык айылында жайгашкан май куючу станциядан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 20:31де Лейлек райондук №108 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.
Мындан сырткары КР ӨКМнин Лейлек райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу жана медициналык тез жардам кызматы жерине чыгып кетишти. Кошумча маалымат берилет.
Фейсбукта жергиликтүүлөр бул өрттүн тасмаларын салып жатышат.
https://www.facebook.com/100021794811756/videos/pcb.275114243225067/275114139891744/?type=3&theater
https://www.facebook.com/100021794811756/videos/pcb.275114243225067/275114043225087/?type=3&theater