Бир айда эки килем согулуп бүтүп калат. Бул туурасында Govori.TV агенттигине Лейлек районунун Миң жыгач айылынын тургуну чебер апа Ажар Халикова билдирди.
«Согулган килемдеримди Бишкек, Алай, Ош, Баткенге чейин салып жиберем. Баардыгы телефон аркылуу буйрутма беришет. Бир килемдин баасы 40-30 миңден тегерегинде болот. Мында 4 аял килем соксо, 2 аял жүн ийрийт. Бул айыл жергесинде эң жакшы жумуш. Согулган килем ден-соолукка пайдалуу болгондуктан буйрутма берегендердердин саны көп. Мындан сырткары биздин салтыбыз боюнча турмушка чыккан кызга сөзсүз түрдө килем берилет»-дейт Ажар Халикова.