• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Лифттерди кыргызча сүйлөткөн Рахат Жунушбаева аткарылган иштер жана пландары тууралуу…

23 Бештин айы 202413:16 Бишкек Govori.TV

2024-жыл – SKY Industrial Group үчүн жетишкендиктердин жана жаңы горизонттордун жылы болду! Компаниянын негиздөөчүсү Рахат Жунушбаеванын айтымында, бул жылы Ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүдө  жана эл аралык инвестицияларды тартууда маанилүү кадамдар жасалды.

Ишкер айым Рахат Жунушбаева жетектеген SKY Industrial Group өлкөнү заманбап, эл аралык талаптарга жооп берген, коопсуздук кепилдиги бар лифттер менен камсыздап келет.

«Биз лифттердин сапатына гана эмес улуттук өзгөчөлүктөргө да көңүл буруп, быйыл Кыргызстанда биринчилерден болуп биздин лифттерди кыргызча сүйлөттүк. Мындан ары бизден чыккан лифттер кыргызча сүйлөйт жана анда кыргыз күүлөрү жаңырып турмакчы. Дагы бир биз иш алып барып жаткан негизги маселе бул — лифттерди башкарууну бир тутумга чогултуп, диспетчеризация уюштуруу. Азыркы күндө өлкөдө жалпы 5 миңден ашык лифт иштеп жатат. Алардын 80 пайызында диспетчеризация жок. Буга чейин лифтте камалып калган адам диспетчер менен байланыша албай, бир суткалап ал жакта калып калган учурлар да болгон. Биз бул диспетчеризацияны «коопсуз лифттер» деген долбоор менен чоң мониторинг борборун түзгөнгө иш кылып жатабыз. 2025-жылы бул биздин Бишкек мэриясына болгон сунушубуз болот. Бул мониторинг борборунда диспетчерлер 24 саат боюу байланышта болуп, бузулуп же токтоп калган лифтти аралыктан эле калыбына келтирүү иши жүрөт», — деди Жунушбаева.

Белгилей кетсек, Sky Elevatorsтун лифттери өлкө боюнча мамлекеттик жана жеке менчик сектордогу жаңы ачылган обьектилерге орнотулуп, бул  заманбап шартта салынган турак жайларда ынгайлуу жана коопсуз инфраструктуранын стандарттарын өзгөрттү.

Sky Elevators 2 жылдыгык мөөнөттө жергиликтүү өндүрүшкө жаңы салымдарды кошо алды деп так айтууга болот. Компания кайрымдуулук  долбоорлордон да четте калбай, “Алтын балалык” борборуна белек катары лифттерди орнотуп берди.

Ошондой эле, компаниянын дагы бир чоң жетишкендиги «Скай Тунук» тазалоочу өндүрүш куралдардын ишке кирүүсү болду. 2024-жылдын жаз мезгилинде ишке кирген «Скай Тунук» саркынды сууларды тазалоочу куралдар — Кыргызстанда экологиялык таза сууну кайра иштетүү боюнча  инновациялык чечим болду. “Тунук” тазалоочу өндүрүш куралдары  саркынды сууларды кайра иштетип, экосистема үчүн коопсуздукту алып келет. 

«Кыргызстанда саркынды суулардын 80 пайызы тазаланбайт. Экоголияны сактап калууда, Ысык-Көлдү сактап калууда бул биздин салымыбыз болот. 2025-жылга койгон максатыбыз Ош шаарында жана Ысык-Көлдө ишканаларды ачуу менен элге тазалоочу өндүрүш куралдарды жеткиликтүү кылуу. Ошондой эле биздин долбоор Кыргызстандын  дарыяларын жана көлдөрүн таза сактоого чоң өбөлгө түзөт», — деп белгидеди SKY Industrial Group компаниясынын негиздөөчүсү Рахат Жунушбаева.

2024-жылы Sky Elevators Group инновациялык жана жергиликтүү өндүрүштө улуттук лидер катары өз позициясын бекемдеди. Кыргызстандын таза, ыңгайлуу жана жаңы технологиялык келечеги үчүн!!!

Количество просмотров: 110