• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Лимонти» каймана аты менен таанымал кримтөбөлдүн өлүмү. Сот өкүм чыгарды

18 Бирдин айы 202216:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Лимонти» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук отурум өттү.

Айыпталуучу Талгат Шамиев 10 жылга эркинен ажыратылды. Ошентип, анын камакта кармалгандыгынын 2 жылын эске алып, жаза мөөнөтү ¼ ге кыскартылып, Шамиевге 6 жыл берилди. Мындан тышкары, айыпталуучу моралдык чыгым катары жабырлануучу тарапка 100 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөп берет.

Эске салсак, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган Алмазбек Сулайманов 2020-жылдын мартында Нарында бычактан алган жаракатынан улам каза болгон.

Количество просмотров: 15887