Талас областтык прокуратурасы тарабынан №13 кесиптик лицейде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен финансылык мүнөздөгү бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 2019-2021-жылдары лицейдин айрым кызматкерлери өздөрү үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бекитилген тарификациялык тизмелерге карабастан, жалпы 2 млн. 497 миң 254 сом ашыкча маяна алышкан.
«Тарификациялык тизмеге ылайык лицейдин башкы бухгалтери «К.Т.» 2021-жылдын июль айы үчүн маянасы 7553 сомду түзсө, анын иш жүзүндө алган эмгек акысы 73 миң 615 сомду түзүп, 9 эсе көп болгон.
Жогорудагы факты боюнча Талас областтык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.