• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Литванын чек арасында 90го чукул кыргыз жараны тыгында турат

8 Аяк оона 202315:49 Бишкек Govori.TV

Литванын Беларус менен чектешкен эки – “Шумскас-Лоша” жана “Твярячюс-Видзы” бекеттери жабылып, чек арада Кыргызстандын 90го чукул жараны жана 70 жүк ташуучу автоунаа тыгында турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

ТИМдин маалыматы боюнча, Литва менен Беларустун чек арасында “Лаворишкес Литва — Котловка”, “Мядининкай Литва — Каменный лог”, “Шальчининкай Литва – Бенякони”, “Райгардас Литва – Привалка” бекеттери иштеп жатат. Бул бекеттерден жеңил машинелер жана жүк ташуучу автоунаалар да өтсө болот.

Министрлик Кыргызстандын Беларустагы элчилиги менен биргеликте кыргызстандыктарга жардам көрсөтүү үчүн чек арадагы кырдаалды көзөмөлдөп жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 151