• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталды

21 Үчтүн айы 202010:04 Бишкек Govori.TV

Бир күн ичинде өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Ленин районундагы Чоң-Арык айылынын Кожобергенов көчөсүндө жалпы аянты 50 чарчы метр болгон дүкөн (ичиндеги азык-түлүк, үй-тиричилик техникасы) күйгөн.

Чүйдөгү Жайыл районунун Петропавловка айылынын Фрунзе көчөсүндө турак үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү жана үй-тиричилик буюмдары күйгөн.

Ош облусунун Ленин-Жолу айылында аянты 108 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн.

Учурда өрттүн себептери такталууда.

Количество просмотров: 88