• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт

14 Үчтүн айы 202616:14 Бишкек Govori.TV

Өлкө аймагында 16-17-январь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт.

ӨКМден билдиришкендей, мезгил-мезгили менен кар жаайт. Кээ бир аймакта туман түшүшү мүмкүн. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.

17-19-январь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас
өрөөндөрүндө түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын
өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…-7° суукка чейин, күндүз -2° суктан…+3° жылуулукка чейин,
тоо этектеринде түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн
-7…-12° суукка чейин, күндүз -4° сууктан…+1° жылуулукка чейин, Нарын облусунун
дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28°, күндүз
-9…-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -9…-14°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -11…-16° суукка чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин
кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылын кыйындатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды алыска жолго чыгууда унаада кышкы дөңгөлөк, чынжырча, күрөкчө, дары-дармек, ысык суу алууну камсыздоону жана алдын ала эскертүүлөргө көңүл бурууга чакырат. Кырсык катталганда же жолдогу абал боюнча 112 номерине байланышууну эскертет.

Количество просмотров: 266