• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министрди кабыл алды

18 Чын куран 2020 20:44 Бишкек Govori.TV


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алды.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учурдагы макроэкономикалык кырдаал, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында ишкерликти колдоо боюнча чаралар, постпандемиялык мезгилге пландар талкууланды.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынан улам түзүлгөн кыйын кырдаал күндөлүк турмуштун көп жактарына терс таасирин тийгизгенин белгиледи. Жээнбеков орто мөөнөттүү келечекке өлкөнүн стратегиялык өнүктүрүүнүн негизги багыттарын тууралап, кайра карап чыгуунун, түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен чечкиндүү реформаларды жүргүзүүнүн зарылдыгын айтты.

Ошондой эле постпандемиялык мезгилде ата мекендик экономиканын ырааттуу, туруктуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн жакынкы жылдарга стратегиялык максаттар жана багыттар чагылдырылган узак мөөнөттүү экономикалык концепцияны иштеп чыгуу зарылдыгына көңүл бурду. Аталган концепция жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана заманбап чакырыктарга таянуу менен дүйнөдөгү жана региондогу кырдаалдын өнүгүшүн эске алуу менен иштелип чыгышы керектигин баса белгиледи.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев азыркы тапта ишкерлерге фискалдык, каржылык жана административдик колдоо боюнча чараларды өзүнө камтыган өкмөттүн кризиске каршы чараларынын экинчи пакетин иштеп чыгуу аягына чыгып калганын маалымдады.

«Аталган чараларды ишке ашыруу 2020-жылдын аягына чейин мерчемделген жана ишкердик жүргүзүү шарттарын жеңилдетүүгө багытталган. Ал бул максаттарга 14 млрд сомдун тегерегиндеги суммада ички жана сырткы булактар аныкталган», — деди ал.

Ошондой эле Асрандиев бизнеске жеңилдетилген каржылоо шарттарын камтыган өзүнчө долбоорлор менен программалар иштелип чыгып жатканын баса белгиледи.

Мындан сырткары посткризистик мезгилде өнүктүрүү программаларын жана социалдык-экономикалык түзүмдүк реформалар пакетин иштеп чыгуу үчүн эксперттерден, ишкерлер коомчулугу менен илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөнүн маалымдады. Бул иштер ишкерлердин, донорлордун, жарандык коомчулуктун сунуштары жана демилгелерин эске алуу менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлө турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 148