• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өлкө боюнча дагы 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

23 Аяк оона 202010:24 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу ыкчам штабдан кабарлашты.

Бишкек — 1
Ош облусунда — 1
Баткен облусунда — 3

Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 23 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3208 учур катталды, алардын ичинен 2874 медкызматкер айыгып чыкты.

Количество просмотров: 74