Өлкөдө 110 миңден ашык адам оор турмушта жашайт, алардын 360 миңге жакын баласы бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Базарбаев белгилегендей, оор турмушта жашаган үй-бүлөлөргө пилоттук долбоордун алкагында каражат берилип жатат.
«Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 2022-жылдын 1-январынан тарта (айына 700 кВт саатка чейинки өлчөмдө керектөөдө) 1 кВт⋅саат электр энергиясы үчүн тариф 50 тыйынга чейин төмөндөтүлдү. Аталган чечим даректүү социалдык колдоо көрсөтүү жана президентинин «Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган. Биздин министрлик активдүү ыкмаларга өттү. Алсак, Кадамжай менен Жумгал районунда пилоттук долбоордун алкагында жаңы үлгү киргизип жатабыз. Аталган райондордун ичиндеги 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берип жатабыз. Алар каражатты туура максатта колдонуп, жакырчылыктан чыгат деген үмүтүбуз бар. Акчаны колдоруна карматып койбостон, иш план түзгөнгө жардам беребиз»,-деди Базарбаев.