• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Өлкөдө 12 өрт кырсыгы катталды

6 Бештин айы 2021 10:34 Бишкек Govori.TV

Бир суткада өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ош шаарынын Өзгөн көчөсүндө турак үйдүн 15 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган чатыры жана 20 чарчы метр эки бөлмөсү күйгөн. Кырсыктын кесепетинен өрт Пахта көчөсүнө өтүп, турак үйдүн 2 чарчы метр жыгач устундуу тунуке менен жабылган чатыры күйгөн.

Чүй облусунун Кант шаарында “Тимур” соода борборунун аймагында жайгашкан контейнердин 5 чарчы метр ички жасалгысы күйгөн.

Баткендин Лейлек районундагы Кулунду айылынын О.Эшпаев көчөсүндө жалпы аянтты 120 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн.

Кошумчалай кетсек, тилсиз жоону өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүм тартылган.

Количество просмотров: 93