• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өлкөдө «40 райондон – 40 демилге» долбоору ишке ашырыла баштайт

29 Теке 2022 13:15 Бишкек Govori.TV

«40 райондон – 40 демилге» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмесинде кабыл алынды.

Белгилесек, «40 райондон – 40 демилге» инновациялык демилгелерди тандоо долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен иштелип чыккан.

«40 райондон – 40 демилге» долбоору өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн экономиканы, илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарында инновациялык долбоорлорду стимулдаштырууга жана илгерилетүүгө багытталган.

«40 райондон – 40 демилге» долбоору боюнча иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоону ведомстволор аралык комиссия ишке ашырат.

«40 райондон – 40 демилге» долбоорунун алкагында иштелип чыккан 8 жакын инновациялык демилге республикалык бюджеттен каржыланат деп болжолдонууда.

Буга катар тандалып алынган бир инновациялык демилгени ишке ашырууга 1 млн сомго чейин акча каражатын республикалык бюдлжеттен бөлүү чечими кабыл алынды.

Количество просмотров: 382