• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өлкөдө акыркы суткада 16 өрт кырсыгы катталды

27 Кулжа 2022 10:13 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө дем алыш күнү 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 6, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган.

Токмок шаарында “Орзу” кафесинин ашканасында 2 чарчы метр пол күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Кара-Балта шаарында жалпы аянты 28 чарчы метр болгон гараж толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Октябрь районунда жыгач устундуу шифер менен жабылган кампанын 40 чарчы метр чатыры, 3 муздаткыч, жыгач эшик жана терезе күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 41