• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өлкөдө апта ичинде COVID-19дун 981 учуру аныкталды

25 Теке 202217:10 Бишкек Govori.TV

Апта ичинде, 18-24 июлда Кыргызстанда COVID-19дун 981 учуру аныкталган. Бул тууралуу КР ССМнын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 910 адам — амбулатордук дарыланууда болсо, ооруканада жаткандардын саны 71ди түздү.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 202 685 учуру катталган.

2022-жылдын 6 ай 24 күнүндө COVID-19дун бардыгы болуп 17 937 учуру катталган, 15 943 (88,8%) учур лабораториялык жана 1994ү (11,2%) клиникалык-эпидемиологиялык түрдө (белгилерин жана ооруга чалдыккандар менен байланышын эске алганда) аныкталган.

Количество просмотров: 296