• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Өлкөдө «Ата-энелер» мектеби пайда болот

19 Бугу 202217:43 Бишкек Govori.TV

Ата-энелердин балдарды тарбиялоо жана багуу боюнча көндүмдөрүн жогорулатуу, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу максатында 2022-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстандагы пилоттук бала бакчаларда жана мектептерде “Ата-энелер мектеби” программасы киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Ата-энелер мектебин» ишке ашыруу үчүн пилоттук негизде ар бир район-шаардан кеминде 5 бала бакча жана 10дон кем эмес мектеп тандалып алынып, программа апробациядан өткөрүлөт.

Пилоттук билим берүү мекемелеринде тестирлөөдөн өткөндөн кийин «Ата-энерлер мектеби» программасы сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен жыйынтыкталат жана бүткүл өлкөгө таратылат.

Количество просмотров: 63