Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан бери Кыргызстанда чочко тумоосу менен ооруган 9 учур катталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дарыгери Венера Алымкулова билдирди.
Анын айтымында, октябрь айынан баштап ушул убакка чейин жалпысынан сасык тумоо 11 бейтапта аныкталып, анын ичинен 9у «А» түрү болсо, ал эми экөө «В» түрү болгон.
«Сасык тумоонун «А» түрү көп циркуляция берчү түрү болуп эсептелинет. Чочко тумоосунун А тибиндеги (H1N1) өтө жугуштуу, курч оору, капыстан пайда болуп, көп сандагы адамдарга жугат, дем алуу органдарынын жабыркашы менен мүнөздөлөт. Вирус аба аркылуу жугат. Адамдарда А (H1N1) тумоосунун инфекциясынын типтүү клиникалык көрүнүшү сезондук гриппке жана жогорку дем алуу жолдорунун башка курч инфекцияларына окшош болгондуктан көпчүлүк учурлар тумоонун сезондук байкоо учурунда кокустан аныкталат.
Эгерде ооруну убагында дарылабаса отит, менингит сыяктуу ооруларга өтүп кетиши мүмкүн. Ооруну убагында дарылоо керек. Өнөкөт оорулар менен жабыркагандар сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүп койсо ашыктык кылбайт. Эгер киши сасык тумоо менен ооруп калса биринчи кезекте алдын алуучу жөнөкөй чараларын көрүп – башкаларга жугузбаш үчүн маска тагынышы кажет. Андан сырткары, иммунитет түшүп кетпеши үчүн күчтүү тамактанышы керек. Эң негизгиси, дарыгерге кайрылуу зарыл”, — деди ал.