Бүгүн, 6-апрелге караган суткада өлкөдө COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза тапты. Анын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улукбек Бектурганов билдирди.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда COVID-19 илдети аныкталгандан кийин жалпы 1509 адам көз жумган.