Бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек — 1
Жалал-Абад облусунда — 2
Баткен облусунда — 6
Ал эми бир суткада 3 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3327 учур катталды, алардын ичинен 3059 медкызматкер айыгып чыкты.