• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Өлкөдө эки айга созулган «Таза мурас» өнөктүгү башталат

8 Аяк оона 2022 12:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында эки айга созулган «Таза мурас» өнөктүгү башталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында президенттин администрациясынын реформаларга мониторинг жана анализ бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов билдирди.

Анын айтымында, эки күн мурун президенттин Улуттук тазалык күнү тууралуу жарлыгы чыккан.

«Жарлыктын алкагында Кыргызстанда 17-сентябрда тазалык күнү өткөрүлөт. Мындан сырткары, быйыл 2022-жылы — Тоолорду коргоо жылы деп жарыяланды, ошондой эле жаз айында «Жашыл мурас» акциясы башталып, 6 млн бак-дарак отургузулду. «Таза мурас» өнөктүгү 17-сентябрда старт алып, эки айга созулат. Экологияга байланыштуу ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп, жыйынтыгында эң таза шаар, райондор аныкталат», — дейт ал.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Бексултан Ибраимов өлкөдөгү 406 таштанды таштоосу жайдын ичинен 61ине гана уруксат берилгенин белгилейт.

«Алардын жалпы аянты 600 гектарды түзөт. Алдыда калдыксыз технологияны киргизүүнүн алдында турабыз», — деди Ибраимов.

Количество просмотров: 128