• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өлкөдө көмүрдүн баасы бир айда 10 пайызга кымбаттады

19 Жетинин айы 2021 11:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2021-жылдын 18-ноябрына карата үстүбүздөгү жылдын октябрына салыштырмалу көмүрдүн орточо баасы 0,1 пайызга жогорулап, бир тонна 5 706 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 10 039,9 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 9 718,8 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 9 091,2 сом) шаарларында катталды.

Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн — 2 500 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 049,7 сом), Нарын жана Кара-Балта шаарларында (бир тонна үчүн – 4 500 сом) болгону байкалды.

Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын октябрь айына салыштырмалуу Жалал-Абад — тоннасы 1 196,2 сомго же 20,4 пайызга, Талас – тоннасы 1 290 сомго же 22,7 пайызга, Кербен– тоннасы 1 138 сомго же 19 пайызга жана Токтогул– тоннасы 1 085,4 сомго же 17,9 пайызга бир кыйла өсүшү белгиленди.

Ошол эле учурда, айдын башына салыштырмалуу Чаек айылында (бир тонна үчүн – 500 сом), Кербен (бир тонна үчүн – 268 сом), Бишкек (бир тонна үчүн – 174 сом) жана Каракол (бир тонна үчүн – 140 сом) шаарларында баанын төмөндөшүн байкоого болот.

Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүргө) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 126