Өлкө боюнча коомдук транспорт 11-майдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө кырдаал шартында автобустарда жана троллейбустарда эл ташууга жана жүрүүгө бир топ талаптар коюлууда.
«Жүргүнчүлөр салонго 60-70% ашык эмес, отургучтардын санынан ашырылбай салынуусу зарыл. Транспорттун ичи күнүнө үч жолудан кем эмес дезинфекцияланууга тийиш. Салондогу бардык кармагычтар, отургучтар ар бир каттам сайын тазаланып туруусу шарт. Маршруттук кичи автобустардын ишин жандандыруусуна азырынча уруксат бериле элек»,-деп айтылат маалыматта.