• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өлкөдө коронавируска байланыштуу ыкчам штаб түзүлдү  

25 Үчтүн айы 2020 23:48 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалым болгондой, штабдын курамына Саламаттык сактоо министрлигинин жана бир катар тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери кирген.

Ыкчам штабдын мүчөлөрү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү менен байланышып, ыкчам маалымат алмашып турушат. Кыргызстанда Кытай аймагында чыккан коронавирус учурлары катталган жок.

«Жугуштуу оорулардын республикалык ооруканасында коронавирус аныкталган шартка даярдалып, атайын үч палата орнотулду. Дарыгерлер үчүн зарыл болгон коргоочу каражаттар сатып алынды»,- деп айтылат маалымат та.

25-январдагы маалыматка караганда, Кытайда жаңы вирустан өлгөндөрдүн саны 41ге жетип, 29 провинцияда 1287 киши жуктуруп алганы белгилүү болду. Алардын ичинен 237 бейтаптын абалы оор.

Количество просмотров: 448