• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өлкөдө коронавирустан дарылоонун 6-протоколу кабыл алынды

17 Үчтүн айы 2022 11:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус жуккандарды дарылоонун 6-протоколу кабыл алынды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, COVID-19дун жаңы штаммы чыкканда бейтаптарды дарылоо өзгөрүп турат.

“Ошону үчүн 6-протокол кабыл алынды. Медиктер жаңы протокол менен таанышып, учурда бейтаптарды ага ылайык дарылоодо”, — дейт министр.

Количество просмотров: 237