Кыргызстанда стационарларда 1 миң 195 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, стационарда 1 миң 195, амбулатордук түрдө 1 миң 439 бейтап дарыланууда.
Белгилей кетсек, 6-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 164 жаңы учур катталды. Өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 47 миң 799га жетти.