• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Өлкөдө суроо-талапка ээ кесиптердин тизмеси…

26 Кулжа 2023 16:16 Бишкек Govori.TV

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги суроо-талапка ээ болгон кайсы кесиптерге акысыз окуп, стипендия алууга боло тургандыгын айтып берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ушул жылдын беш айында иш менен камсыз кылуунун аймактык кызматтары тарабынан кесиптик окутууга 2,7 миң адам жөнөтүлгөн.

«Жумушсуз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерде жүргүзүлдү. Алар: компьютер оператору, ашпозчу, косметолог, чач тарач, тырмак боё чебери, массажист, котормочу, бухгалтер, тигүүчү, айдоочу, электрогаз ширетүүчү, слесарь-сантехник. Окуу мезгилине стипендия каралган», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 169