• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өлкөдө ундун канча айлык запасы бар экени айтылды

13 Үчтүн айы 202211:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын ун комбинаттарында элди 2 ай камсыз кылуу үчүн ун жана дандын кору бар. Бул тууралуу Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушов билдирди.

Анын айтымында, мурда түзүлгөн келишимдер боюнча дан Россиядан ташылып жатат.

“Эгерде ун өлкө чегинен тышкары мыйзамсыз жол менен чыгарылбаса жана Россиядан дан тынымсыз келип турса, анда Казакстандын чек аралары жабылып турган мезгилде дагы элди ата мекендик ун менен камсыз кылуу мүмкүн»- деди ал.

Количество просмотров: 862