• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өлкөдө уран менен торий казуу сунушталууда

14 Аяк оона 2021 13:30 Бишкек Govori.TV

Энергетика жана өнөр жай министрлиги уран менен торийди казууга бир шарт менен уруксат берүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.

Анын айтымында, «Кыргыз Республикасында жер казынасын пайдалануу маселелери тууралуу» мыйзамынын долбоору коомдук талкууга коюлду.

«Эки жыл мурун уран менен торийди казууга тыюу салынган. Эгер жаңы кодекс кабыл алынса, анда айрым беренелер өзгөртүлөт. Жаңы кодексте Кыргызстанда уран менен торий казууну мамлекеттик компаниялар жүргүзөт. Уран менен торийди казууда коопсуздук маселесин көзөмөлдөй турган ченемдер болот”, — дейт ал.

Эске салсак, жарандардын нааразылыгынан улам 2019-жылы уран бар кендердин иштетилишине тыюу салган мыйзам кабыл алынган.

Количество просмотров: 319