Уранды иштетүүгө каршы болгон мыйзам долбоорун өкмөт колго алып, ал боюнча так көз карашын билгизсе болмок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арабаев билдирди. Анын айтымында, Кызыл-Омполдогу уран кени биосфералык аймакка кирбейт.
Уран оор металлдардын курамына кирет жана аны шамал айдап кете албайт. Бул кендин экологияга зыян алып келип жатканын тастыктаган бир дагы изилдөө же илимий далил келтирилген жок. Өкмөт элдин ден соолугуна кандай зыян келтирерин илимий жактан негиздеп бериши керек болчу,- деди Арапбаев.
Кошумчалай кетсек, кечээ, 31-октябрда «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, ага 110 депутат макул деп добуш берсе, бир депутат-Азамат Арапбаев каршы добушун берген.