Бүгүн Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасында геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө байланыштуу иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, дээрлик баардык депутаттар өлкө ичинде уран казылбасын жана иштетилбесин деген мыйзам долбооруна макул деп добуш берген.