• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өлкөдө вирустук гепатит жугузуп алгандар эки эсе көбөйдү

30 Бугу 2023 9:24 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанда вирустук гепатит оорусун жугузуп алган 1 364 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин жаңы баяндамасында жазылган.

Былтыр бул убакытта вируска кабылган 706 учур гана катталган. Иш жүзүндө быйылкы төрт айда 1,9 эсе көбөйгөн.

Жалпы вирустук гепатит оорусуна кабылган 1 364 адамдын 1 255и илдеттин А түрүн жугузуп алгандар. Былтыр төрт айда бул көрсөткүч 654 учурду гана түзгөн.

Гепатитке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Ош облусуна (34,3%), Баткен облусуна (32,4) жана Ош шаарына (25,4) туура келет.

Гепатит – боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын А, В, С, Е жана D түрлөрү бар. А түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Калган эки формасы кан аркылуу жугат. (ErN)

Теги:
Количество просмотров: 87