• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Надирова: Кыргызстанда гепотитке каршы күрөшкөндөрдүн эң активдүүлөрүнүн биримин…

19 Бирдин айы 2023 15:49 Бишкек Govori.TV

17-18-19-февраль күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында кезектеги окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жалпы 17 айым келген. 7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири 54 жаштагы Анипа Надирова, ал Чүй облусунан келген.

«Мен «Бирге гепотитке каршы» коомдук уюмунун активдүү мүчөсү болуп келем. Кыргызстанда гепотитке каршы күрөшкөндөрдүн арасында эң активдүүлөрүнүн бири менмин. Анткени менин үйүмдөгүлөр жабыркайт, ошондой эле ДССУнун маалыматы боюнча 300 миңден ашык адам дал ушу оору менен жабыркап, 280 адам орган алмаштырууга барып келип өмүрүн өтөп жаткан күн. Бул Кыргызстанда 7 миллион адамга 5 пайызды түзгөндө эпидемия деп эсептелгендигине байланыштуу, ошондой эле бийлик тарабынан биздин талаптарга, кайрылууларга «акча жок» деген жоопту угуп жатканыбыздан улам бул демилгени көтөрүп иш алып барып жүрөбүз», — деди ал.

Количество просмотров: 227