• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өлкөдө өзгөчө абал режими алынып, өзгөчө кырдаал режими сакталат

8 Бугу 2020 21:36 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө өзгөчө абал режими алынып, өзгөчө кырдаал режими сакталат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктап жатып билдирди.

«Азыркы учурда, бир тарапта — коронавирус илдетинин кесепеттери, экинчи жагында — экономикага тескери таасир этчү коркунучтар турат. Дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүргөн кырсыктан элибизди аман-эсен алып чыгуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Илдеттин жайылуусуна бөгөт коюу, жарандарыбыздын ден соолугун жана өмүрүн сактоо үчүн өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин киргиздик», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Президенттин айтымында, мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик, дарыгерлерибиз, милиция жана аскер кызматкерлери күнү-түнү эмгектенишип, калкыбыздын өмүрүн сактоо үчүн болгон аракетти жасашууда. 

«Айыл, район, облустардын жашоочулары жеринде тартипти  кармап, кирген-чыкканды көзөмөлдөп, илдетке каршы күрөштө чоң жардам беришүүдө.Жалпы элибиз кырдаалды туура түшүнүп, сабырдуулук жана жоопкерчилик менен мамлекеттик органдардын аракеттерин колдоп, талап кылынган эрежелерди сактап берди. Чогуу жасаган ушул аракеттер — оорунун андан ары жайылышына бөгөт болду», — дейт президент.

Экономиканы жандандыруу үчүн, ишкерликтин айрым багыттарына уруксат  берилди.

«Алар өз жумушун кайрадан баштады. Мындан ары бардык тармактар боюнча бизнестин ишмердигин акырындап ордуна келтирүүгө муктажбыз. Бирок, адамдарыбыздын ден соолугу жана өмүрү баарынан кымбат. Ошондуктан, жалпы республиканын аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталат, анын мөөнөтү дагы узартылат. Өзгөчө абал режими алынып салынса да, ар бирибизден катуу тартипти сактоо, санитардык–гигиеналык эрежелерди бекем кармануу талап кылынат.  Ишканалардын иши жанданып, карым-катыш ачылган шартта да бул талаптарды кынтыксыз аткарууга милдеттүүбүз», — деди Жээнбеков.

Президенттин айтымында, Коомдун саламаттыгы үчүн мамлекет жооптуу. Бирок, оорунун жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн, мамлекет менен катар ар бир жаран да өз жоопкерчилигин сезүүгө милдеттүү. Ыктыярдуу жоопкерчилик мурдагыдан да күчтүү болушу керек.

«Иш берүүчүлөр жана  жергиликтүү бийлик чогуу аракет кылып, зарыл чаралардын баарын аткаруусу абзел. Коомдун, өзүбүздүн, балдарыбыздын, жакындарыбыздын ден-соолугу жана өмүрү үчүн мамлекет менен чогуу — ар бирибиз жоопкерчиликти моюнга ала турган учур келди. Баарыңыздарга бүгүнкүгө чейин тартипти сактап, медициналык талаптарды аткарганыңар  үчүн терең ыраазылык билдирем. Мындан ары да бекем тартип, биримдик менен, бул аракеттер улантылат», — дейт президент.

Количество просмотров: 1191