Быйылкы жылдын биринчи кварталында Кыргызстанда жашоо минимуму былтыркы жылдын алгачкы үч айына салыштырганда 10,4 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Маалыматка караганда, быйыл январь-март айларында жашоо минимумунун нарктык чоңдугу жан башына 5167 сомду түзүп, мындай көрүнүш республиканын бардык аймактарында байкалган.
Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк жана тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.
Кошумчалай кетсек, расмий маалымат боюнча Кыргызстанда бүгүнкү күндө жумушсуздардын жалпы саны 156 миң адамдын тегерегинде.