• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өлкөдө жырылып кетүү коркунучу бар көлдөр изилденүүдө 

9 Баш оона 202010:33 Бишкек Govori.TV

Бийик тоолордогу көлдөрдүн кооптуулугу изилденүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бийик тоолуу көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында 4-августтан тартта Кыргызгидрометтин жана ӨКМнин кызматкерлери биргеликте Чүй жана Ош облусу боюнча жырылып кетүү коркунучу бар көлдөргө изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

«​Бүгүнкү күндө Чүй облусунун Сокулук району боюнча 4 көл, Панфилов району боюнча 3 көл жана Ош облусунун Ноокат району боюнча 5 көл изилденди»,-деп айтылат маалыматта.

Натыйжада изилденген  көлдөрдө суунун деңгээли былтыркыга салыштырмалуу төмөнүрөөк, жырылып кетүү коркунучу аз.

Количество просмотров: 31