• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өлкөгө айрым көчөттөрдү алып кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн

18 Жетинин айы 202517:39 Бишкек Govori.TV

2026-жылдын 1-январынан тартып 6 айга чейин мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн айрым сортторунун көчөттөрүн импорттоого тыюу салуу сунушталууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкөдө ар түрдүү мөмө-жемиш сорттору көбөйүп кеткендиктен, бүгүнкү күндө жаңы, заманбап, сапаттуу, рынокко ылайыктуу, экспорттук талаптарга жооп берген сортторду өнүктүрүү зарылдыгы пайда болду.

Ушундан улам сапаты төмөн жана талапка туура келбеген көчөттөрдүн киришин чектөө максатында убактылуу чектөө киргизилип жатат.

Чектөө реэкспортко, транзитке жана ЕАЭБдин ички товар айлантуусуна колдонулбайт жана импортко болгон көз карандылыкты азайтып, ата мекендик питомниктер тарабынан сертификатталган көчөттөрдүн чыгарылышын стимулдаштырып, дыйкандардын сапаттуу материалга болгон жеткиликтүүлүгүн кеңейтет.

Количество просмотров: 79