• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашагандар көчүрүлөт

5 Бирдин айы 202515:06 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөт. Бул тууралуу ӨКМ маалымат тартты.

Маалыматта айтылгандай, жыл сайын жаз, жай мезгилдеринде жаан-чачын көп катталып, кардын эришинен пайда болгон суулар жердин жаракаларына толуп, жер көчкүлөр активдеше баштайт.

Андыктан ӨКМдин Жалал-Абад башкармалыгына караштуу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары, жергиликтүү бийликтегилер жер көчкү жүрө турган аймактарда жашаган тургундарды алдын ала коопсуз тилкелерге көчүрүү үчүн эскертме баракчаларын таркатып, түшүндүрүшүүдө.

Алсак, Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү тургундарына кооптуулук боюнча маалыматтар берилип, тез арада көчүп чыгуу зарыл экени эскертилди.

Бегилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында ар кандай мүнөздөгү 1020 кооптуу тилке бар.

Количество просмотров: 188