• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өлкөгө алынып келинген Рузахунов кайрылуу жасады (видео)

10 Үчтүн айы 202219:42 Бишкек Govori.TV

Казакстанда кармалып кое берилген кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кайрылуу жолдоп, өлкөнүн күч органдарына ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз Республикасынын бардык Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Улуттук кКыргыз Республикасынын бардык Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Казакстандагы өкүлчүлүгүнө, Казакстандагы консулдугуна чоң ыраазычылык билдирем. Баарына чоң рахмат. Ушул күнгө чейин кыргыздын уулу болгонума сыймыктанганымды сезе элек болчумун. Чоң ыраазычылыгымды кабыл алыңыздар», — деген ал өз кайрылуусунда.

Буга чейин баламандык учурунда Казакстандан кармалган биздин жаран джаз музыканты Викрам Рузахунов абактан кое берилгени айтылган жана ал бүгүн өлкөгө кайтарылары маалымдалган.

ИИМ тараткан маалфматта айтылгандай, азыркы учурда Викрам Рузахунов Кыргызстанга өз үйүнө кайтып келди. Кыргыз-казак чек арасында аны укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, туугандары жана жакындары тосуп алышты.

Кыргыз Республикасынын ТИМнин, ИИМдин жана УКМКнын бирдиктүү күч-аракетинин натыйжасында Викрам Рузахуновдун кое берүү тууралуу макулдашууга жетишишкен.

Количество просмотров: 2750