• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өлкөгө аткезчилик жол менен ташылып келинген автоунаалар аныкталды

3 Бирдин айы 2020 13:18 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан аткезчилик жолу менен ташылып келинген төрт автоунаа аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ташылып келген унаалдардан мемлекетке келтирилген зыяндын суммасы 5 609 591 сомду түзөт.Алар “Мерседес-Бенц Е280”, “Мерседес-Бенц S-Class”, “Тайота –Лендкрузер-200” жана “Мазда CX-5” унаалары.

Бул фактылар боюнча чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоуктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 235