• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өлкөгө Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди

20 Баш оона 20219:16 Бишкек Govori.TV

Өлкөгө бүгүн, 20-августта Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн (байкоочу катары) Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов келди.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.

Эске салсак, саммит 19-20-августта Чолпон-Ата шаарында өтүүдө. Ага катышуу үчүн Армения, Беларусь, Казакстан жана Россиянын премьер-министрлери кечээ келишкен.

Количество просмотров: 153