19-июнда Ысык-Көл эл аралык форуму Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда уланууда.
Форумдун экинчи күнүндөгү иш-чараларына Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев да катышып жатат.
Эске салсак, Акаев 16 жыл өткөндөн кийин, тагыраагы 2021-жылы Кыргызстанга келип, Кумтөр иши боюнча көрсөтмө берип кеткен. Ал ошол эле жылдын декабрында дагы өлкөгө келген.
Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоодон кийин бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери Орусияда жашайт.