• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өлкөгө өзгөчө кырдаал режимин киргизүү сунушталды

20 Жалган куран 202011:44 Бишкек Govori.TV

Депутат Алиярбек Абжалиев өлкөгө өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2019-жылдагы отчётун угуу учурунда билдирди.

Алиярбек Абжалиев кеч болуп кала электе өзгөчө кырдаал киргизүү керектигин белгиледи.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаал режимин киргизүү үчүн мыйзамга туура келген шарттар керек экенин айтты.

«Мисалы, бир облуска киргизүү үчүн 2 райондо өзгөчө кырдаал болушу керек. Республикага киргизиш үчүн 2 облуска чейин болушу керек. Бүгүн ушуну чечели деп жатабыз», — деди Абылгазиев.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 6 учур катталды. Алар Сузак жана Ноокат районунун жашоочулары.

Количество просмотров: 1742